Германия Кыргызстанда ооруканаларды куруу жана жабдууга 4,5 млн евро берет

  • 11 месяцев мурун

Кечээ, 1-июнда Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосунда каржылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге экономика министри Данияр Амангелдиев жана Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэлла Гелил кол койгон.

Маалыматка ылайык, бул келишимдин алкагында энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга, ошондой эле Бишкек шаарында жана аймактарда медициналык тейлөөнүн шарттарын жана сапатын жакшыртууга багытталган иш-чаралар жүрөт.

«Келишимдин суммасы 4,5 млн еврону түзгөн. Бул каражаттардын алкагында учурдагы жана пландаштырылган инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда, Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы Перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо пландаштырылууда«, — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты