Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 7-февраль күнү Кыргыз Республикасынын эл артисти, 2-даражадагы “Манас” орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаров акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коштошуу зыйнатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият анын ичинен кино тармагынын өкүлдөрү, Геннадий Базаровдун жакындары жана күйөрмандары катышты. Алар Геннадий Садырович өрнөктүү өмүрүн улуттук кино индустриясынын өнүгүшүнө арнап, кыргыз маданиятына ак ниет кызмат кылганын белгилешип, инсандык бейнесин, чыгармачылык жолун айтып өтүштү.

Алтынбек Максутов Геннадий Базаров Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунда окуп жүргөндө дипломдук ишин “Саманчынын жолу” толук метраждуу көркөм тасмасын жаратканда эле чыгармачылык дараметин, талантын көрсөткөнүн, ал кезде болгону 24 жашта экенин белгиледи. Ошондой эле, анын өзгөчөлүгү — кеңири чыгармачылык диапазондо болгонун, ал таланттуу кинорежиссер, коюучу, сценарист, прозаик, теле алып баруучу гана эмес эң негизгиси ал мыкты насаатчы жана мыкты инсан болгонун эскерип, ал тасмаларында өзүнүн кеңири дүйнө таанымын, заманбап көз карашын сунуштап, көрүүчүлөрдү жаңыча ойлонууга багыттап турганын айтты.

Геннадий Базаров кечээ, 6-февралда каза болгон, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты