Газада ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын үч уулу набыт болду

  • 4 месяца мурун

Шаршембиде палестин жана араб басылмалары Израилдин Газа тилкесине жасаган соккусунан ХАМАС радикал тобунун лидери Исмаил Ханиянын үч уулу жана бир нече небереси набыт болгонун кабарлашты.

Маалыматты Израил армиясынын жана коопсуздук кызматтарынын басма сөз кызматтары ырасташты.

Израиль армиясынын маалыматы боюнча, Эмир Хания ХАМАСтын аскердик канатынын эскадронунун командири болгон. Анын эки бир тууганы Мухаммад жана Хазем Хания да топтун командирлери болушкан.

Исмаил Хания уулдарынын жана неберелеринин каза болгону тууралуу маалыматты бышыктады. Аларды «шейиттер» деп атап, «балдарыбыздын каны элибиздин канынан кымбат эмес» деп кошумчалады.

Ал «Аль-Жазира» медиа компаниясына жакындарынын өлүмү чегинүүгө, анын ичинде Израил менен элдешүү сүйлөшүүлөрүнө карата позициясын өзгөртүүгө мажбурлабай турганын айтты.

62 жаштагы Ханиянын жалпысынан 13 баласы бар. ХАМАСтын башчысы өзү Газа тилкесинде жашабайт, анын негизги жашаган жери – Катар.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын (АКШда жана Европа биримдигинде террордук деп таанылган) кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Кол салуу 1200дөй кишинин өмүрүн алган. ХАМАС 250дөй кишини Газага барымтага алып кеткен.

Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты