Гүлшат Асылбаева «Достук» ордени менен сыйланды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 24-июнда, “Ала-Арча” резиденциясында Кыргызстан ассмаблеясынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

“Достук» ордени менен Асылбаева Гүлшат- Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы, Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Кыргызстан казактарынын ассоциациясы” коомдук бирикмесинин ардактуу төрайымы сыйланды.

Ошондой эле Дурсунов Атамша – Кыргызстан элинин ассамблеясынын түрк диаспорасынын “Ахыска” коомдук бирикмесинин төрагасы, Сабиров Равшанбек Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кыргыз Республикасынын тажиктеринин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин президенти татыктуу болду.

“Даңк” медалы менен Степанюк Александр Владимирович – “Гармония” орус маданий борбору” негиздөөчүсү, экс-төрагасы сыйланды

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамына Ахмедов Бегижан – коомдук ишмер, жазуучу, өзбек улуттук маданий борборунун төрагасынын орун басары, Шидакова Зухра Хажымухамутовнага – “Ата-Журт” эл аралык карачайлар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин президенти татыктуу болду.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Кузьменко Сергей Иванович -«Берегиня» Кыргыз Республикасынын украиналык коому” коомдук бирикмесинин кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, Муратов Равиль Рустамович – “Туган Тел” татар-башкыр маданий борбору” коомдук бирикмесинин мүчөсү, “ПромВентиляция” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Наумова Мария Анатольевна –“Билимкана” коомдук фондунун “Билимкана эл аралык мектеби” филиалынын кыргыздын улуттук аспаптары жана кыргыз маданияты боюнча педагогу, Ташматова Лариса Тодоровна – “Възраждане” болгарлардын коомдук бирикмесинин төрайымы сыйланды.

Бүгүн, 24-июнда, Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду жана аларды Ассамблеянын 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Гүлшат Асылбаева "Достук" ордени менен сыйланды

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Гүлшат Асылбаева “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деген ат менен белгилүү болгон чуулгандуу мыйзам долбоорунун автору. Бир топ юристтер жана активисттер бул мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын айтып, бир катар нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Бул мыйзам артка кайтарылган. Бирок 2020-жылы октябрь окуясынан кийин парламентте мыйзам долбоорун талкуулоо маселеси кайрадан көтөрүлгөн. Мыйзам долбоору «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлгөн. 

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты