Гүлнара Каримованын Швейцариядагы активдерин кайтаруу боюнча келишимге кол коюлду

  • 2 года мурун

16-августта Берн шаарында Өзбекстан менен Швейцария «Щвейцариянын аймагында конфискацияланган мыйзамсыз активдерди Өзбекстанга кайтаруу тууралуу» макулдашууга кол койду.

Өзбекстандын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Өзбекстандын атынан келишимге юстиция министри Русланбек Давлетов, Швейцариянын атынан өлкөнүн президенти Иньяцио Кассис кол койду.

«Келишимге кол коюу – Гүлнара Каримова башында турган кылмыштуу топ тарабынан мыйзамсыз алынып, Швейцариянын аймагында адалданган 131 миллион доллар тез карада Өзбекстандын элине кайтарылат дегенди билдирет», – деп жазылган Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө.

Макулдашууга ылайык, мыйзамсыз алынган активдерди кайтарып берүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет: ачык-айкындуулук, реституцияга байланышкан маалыматтарды коомчулукка ачык жарыялоо; жарандык коомдун бул процесске катышуусу; кайтарылган каражаттарды социалдык чөйрөгө – билим берүү жана саламаттык сактоо тармагына жумшоо; Өзбекстан менен Швейцариянын ортосундагы реституция маселелери боюнча туруктуу жана жемиштүү диалогду колдоо.

Министрликтин билдирүүсүндө аталган сумманы Өзбекстанга кайтаруу БУУнун Көп өнөктөштүк фонддорунун системасындагы Uzbekistan Vision 2030 деп аталган фонд аркылуу ишке ашырыла турганы белгиленген.

Өткөн айда Швейцариянын Федералдык сотунун апелляциялык палатасы коррупцияга айыпталып жаткан Гүлнара Каримованын доо арызын жарым-жартылай канааттандырган. Анда бул чечим Каримовага камакка алынган активдеринин бир бөлүгүн (293 миллион франк же 303 миллион доллар) кайтарып алууга мүмкүндүк бериши ыктымал экени кабарланган.

Бул сумма Өзбекстандын өкмөтү өлкөгө кайтарууну көздөп жаткан чет өлкөлүк активдердин 25% көбүрөөгүн түзөт. 2020-жылы мартта Өзбекстандын башкы прокуратурасы менен Юстиция министрлиги «Гүлнара Каримованын кылмыштуу жол менен тапкан 1,3 миллиард доллардан ашык суммага бааланган активдерин» кайтаруу боюнча Швейцариянын, Франциянын, Орусиянын, Латвиянын жана башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы кабарланган.

Швейцариянын прокурорлору өзбек базарына кирүүнү каалаган мобилдик операторлордун (МТС, VimpelCom жана TeliaSonera) өкүлдөрү Гүлнара Каримовага пара берген болушу мүмкүн деген шек менен 2012-жылдан бери коррупциялык ишти иликтеп келген. Ага ылайык, Каримова коррупциялык схемаларга катышкан жана аталган мобилдик компаниялардан пара катары 856 миллион доллардан ашык каражат алган деп айыпталган.

2020-жылы сентябрда Швейцария менен Өзбекстан Гүлнара Каримовага каршы козголгон кылмыш иштеринин алкагында камакка алынган каражатты өзбек өкмөтүнө кайтаруу шарттары боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишкени кабарланган. 2012-жылы Швейцариянын Башкы прокуратурасы жалпысынан Каримованын 800 миллион швейцария франкына жакын каражатын камакка алган.

Өзбекстандын соту 2015-жылы маркум президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын эркиндигин беш жылга чектеген өкүм чыгарган. Бирок 2019-жылы ал абакка которулган. 2020-жылы мартта Каримова «Мамлекеттин каражатын уурдоо», «Өзбекстандын кызыкчылыктарына туура келбеген келишимдерди түзүү» жана «Башка бирөөнүн ири суммага бааланган мүлкүн ээлеп алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 13 жыл 4 айга соттолгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты