Гүлмира: “Про-боно бизнес-консультанттар жашоомду өзгөрттү”

50 жаштагы Гүлмира 20 жылдан ашык убакыт жолдошунан зомбулук көрүп келди. Ажырашып басып кетүүнү намыс көрчү. Анан дагы 5 бала менен каякка батам деп ойлочу. Про-боно бизнес консультанттардын жардамы менен жашоосун жакшы нукка буруп алганын айтат.

Жолдошу жаңы үйлөнгөндөн тарта эле кол көтөрө баштаган. Ооган согушуна катышкандардын бири болгондуктан, “контузия алса керек, ошондон улам сабайт го” деп ойлоп жүрө берген. 2004-жылдан тарта жолдошу такыр эч ким менен сүйлөшпөй, иштебей, үйүндө жатып алган. Ошондон тарта дайыма кол көтөрчү болгонун айтат Гүлмира.

“2019-жылы катуу сабады, больницага түшүп калдым, көзүмдүн, мурдумдун сөөктөрү сынды, кабыргаларым жанчылып калды, мээм чайкалып, травма алып 4-ооруканага жатып калдым. Милиция келип арыз жаз, камайбыз дегенде кыздарым ызылдап ыйлап каматпай коюшту”, — дейт Гүлмира.

Бул окуя ушуну менен токтоп калган эмес, 2020-жылы карантин убагында жолдошун кайра үйлөрүнө киргизип алышкан. Баягы адаты калмак беле, Гүлмиранын омурткалары жылып кеткенче сабап салган.

“Ошондо мен зомбулукка чыдап жүрө бербеш керектигин. Балдарымдын атасы деп аны ойлобой, өзүмдүн ден-соолугумду, коопсуздугумду ойлошум керектигин түшүндүм. Мындан ары чыдабайм деп өзүмө сөз берип расмий түрдө ажыраштым”, — дейт Гүлмира.

Ошол учурда Гүлмира тааныштары аркылуу про-боно бизнес консультант Азамат Аттокуров менен байланышат. Про-боно деген латын тилинен которгондо “коомдук кызыкчылыгы үчүн бекер жардам көрсөтүү дегенди түшүндүрөт.

Ал учурда Гүлмира такси кызматтарынын биринде машинаны ижарага алып иштечү. Машинени жумуштан кийин унаа токтотуучу жайга алып барып коюу керек болчу. Про-боно бизнес консультанттар Гүлмирага жардам берип, компания менен сүйлөшүп, машинелерин үйүнө айдап кетип, кайра үйүнөн айдап чыга тургандай кылып сүйлөшүп беришкен.

Гүлмира англис тилин үйрөнсөм туруктуу, жакшыраак жумушка орношомбу деген максаты бар болчу. Про-боно бизнес-консультант Азамат Аттокуров аны анлгис тили курсуна бекер жаздырып беришкен.

“Учурда курсту окуп жатам. Ал гана эмес уулумду дагы самбого бекер киргизип беришти, күчтүү тренерге. Про-боно бизнес-консультанттар мотивация берип, моралдык жактан жакшы колдоп жатышат. Келечекте дагы долбоорлорду жазганга жардам беребиз деп айтышты”, — деп ыраазычылыгын билдирет Гүлмира.

Азамат Аттокуров мүчө болгон бизнес-консултанттардын клубунда 36 мүчө бар. Алар жаштарга, аялдарга бизнесин өнүктүрүүгө жардам беришет. Алардын ичинен про-боно консультант катары бекер жардам берген учурлары дагы көп. Акыркы 3 жылдын ичинде зомбулукка кабылган 60 аялга бекер жардам беришкен.

Өзү про-боно катары 3 жыл мурда биринчи жардамын көрсөткөнүн эстейт.

“3 жыл мурда мага балдар чалышып, ЦУМдун жанында кош бойлуу аял жардам сурап турганын айтып кайрылып калышты. Мен ал аялды таап, төрөт үйүнө жайгаштырып, төрөгөндөн кийин крисизтик борборго жайгаштырдым”, — дейт Азамат.

Про-боно бизнес консультанттар жардам берген ийгиликтүү учурлар көп. Мисалы, бир жолу зомбулукка кабылган Рахима аттуу келинди курска бекер жайгаштырып кытай тилин жакшыртууга жардам беришкен. Ал кийин Джунда заводуна жакшы жумушка орношкон. Дагы бир келинде медайым болуп жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүшкөн.

“Эмнеге мен аялдарга про-боно жардам көрсөтүп келем, анткени менин дагы кыздарым бар, алардын келечегине кайдыгер эмесмин”, — дейт Азамат Аттокуров.

Адвокаттарды окутуу борбору кризистик борборлор, про-боно бизнес консультанттар менен меморандумга кол коюп, зомбулукка каршы биргеликте күрөшүүнү максат коюшкан. Адвокаттарды окутуу борборунун адвокаттары зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга про-боно юридикалык жардамдарын көрсөтүшөт.

Бул долбоор ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында ишке ашып жатат.

Сиз дагы зомбулукка кабылып, юридикалык жардам керек болуп жаткан болсо төмөнкү координаттар боюнча кайрылсаңыз болот:+996777669659, +996555669659 (Алика, Мира), email: [email protected]#пробоно#зомбулуккажолжок

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты