Футбол: Садыр Жапаров «Барселона» легендаларына каршы беттеште ойнойт

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 30-августта Бишкекте өтө турган «Барселона» легендалары жана Борбор Азия легендалары беттешинде ойнойт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетексичи Дайыр Орунбеков маалымдады.

«Барселона» футбол клубунун легендалары менен Борбор Азиянын ардактуу футболчуларынын ортосундагы жолдоштук беттеш 30-августта Бишкектени Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Оюнга клубдун Джулиано Беллетти, Лодовик Джули, Рональд де Бур, Сержи Бархуан, Джовани да Силва, Хуан Карлос Родригес жана Хуан Антонио Гойкоэчеа сыяктуу мурдагы оюнчулары катышат.

Футбол: Садыр Жапаров "Барселона" легендаларына каршы беттеште ойнойт
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты