Футбол: Кыргызстандын U-17 курама командасы Азия кубогунун тандоо баскычында оюнун аяктады

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 27-октябрда, U-17 Азия кубогунун тандоо оюндарынын үчүнчү туру алкагында футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Мьянманын курама командасы менен беттешти. Вьетнамдын Вьетчи шаарында өткөн мелдеш 1-2 эсебиндеги атаандаштын жеңиши менен аяктады.

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Игорь Никитиндин жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы «I» тайпасында Мьянма, Йемен жана Вьетнамдын курамалары менен жайгашкан. Вьетнамдын Вьетчи шаарындагы беттеш атаандаштардын жеңиши менен аяктады.  

Курама команда 23-октябрда Вьетнам менен ойноп, беттеш тең чыгуу менен (0-0), ал эми 25-октябрда Йемен менен ойноп 3-2 эсебинде атаандаштардын жеңиши менен жыйынтыкталган.

Бүгүнкү оюн Вьетнамдын Вьетчи шаарынын «Vie Tri» стадионунда орун алды. Беттеш 1-2 эсебиндеги атаандаштын жеңиши менен аяктады. Ошентип, тилекке каршы, курамабыз турнирдик жадыбалдын төртүнчү сабында жайгашып, жолдомосуз калды.

Футбол: Кыргызстандын U-17 курама командасы Азия кубогунун тандоо баскычында оюнун аяктады

Сүрөттөр: Кыргыз футбол биримдиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты