Футбол: Кыргызстан менен Омандын курама командалары беттешет
- 6 месяцев мурун
25-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Оман курамасына каршы оюн өткөрөт. Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы үчүнчү беттеши.
Беттеш Катардын борбор калаасы Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.
Кыргыз футбол союзунун маалыматына ылайык, Кыргызстан — Оман беттешинде калыстар бригадасын кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали жетектейт.
Муну бөлүшүү