Футбол: Кыргызстан Азия кубогунан четтетилди

  • 6 месяцев мурун

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады.

25-январдагы турнирдин «F» тайпасынын жыйынтыктоочу оюнунда Кыргызстан Омандын курама командасы менен беттешти. Курамалар Абдулла бин Халиф стадионунда оюн өткөрдү.

Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Кожо Жоэл экинчи таймдын 80-мүнөтүндө атаандаштардын дарбазасына гол киргизип, оюн эсебин теңеди. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Бирок Кыргызстан тайпадан кийинки баскычка чыга алган жок.

Кыргызстан кийинки баскычка өтүү үчүн Оманды эң аз эки гол айырма менен утушу керек болчу. Командалардын тең чыгуусу D тайпасында 3-катардагы Индонезия командасынын плей-оффко өтүшүнө шарт түздү.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты