Футбол: Дүйнө чемпионатында Аргентина 2:1 эсебинде Англияны жеңип, финалга чыкты

  • 3 месяца мурун

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында 15-июлда АКШнын Жоржия штатынын Атланта шаарындагы стадиондо Аргентинанын курама командасы Англиянын курама командасын 2:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.   

Оюндун 55-мүнөтүндө эсепти Энтони Гордон ачты. Ал эми кошумча мүнөт берилгенде экинчи голду аргентиналык футболчу Лаутаро Мартинес киргизди. Эки голдо тең топту Месси берди.  

Жекшемби күнү Аргентина командасы финалда Испаниянын курама командасы менен ойнойт. Ал эми коло медаль үчүн француздар менен англичандар беттешет.   

Бул жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты тарыхтагы эң узун беттеш болмокчу. Анда 104 мелдеш өтүп, 19-июлга чейин созулат. Оюндар Мексикадан тышкары АКШда жана Канадада өтөт. Ал эми дүйнө чемпионатынын финалы Нью-Йорк шаарына жакын, Нью-Жерси шаарынын “Метлайф” стадионунда болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан   

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты