Футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алтын медалдары үчүн чечүүчү беттеш өткөрүлөт

  • 2 года мурун

20-августта Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын стадионунда резервдик командалар арасында футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын алтын медалдары үчүн чечүүчү беттеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сз кызматынан билдиришти.

Калаанын «Алга-2» (экинчи команда) менен «Дордой-2» футболдук клубу оюн талаасында күч сынашат. Беттеш Ахунбаев көчөсү, 97 дарегинде саат 18:00дө башталат.

Футбол федерациясы жана Кыргызстандын футбол боюнча профессионалдык лигасынын чемпионатынын уюштуруучулары 2022-жылдагы сезондун жеңүүчүлөрүнө медалдарды жана кубокту тапшырууну пландаштырууда.

Маалымдама: «Алга» – СССР маалынан бери Кыргызстанга белгилүү жана күчтүү клуб, СССРдин чемпионатына тынымсыз катышып, Биринчи лигада жалпысынан 27, Экинчи Лигада 16 сезон өткөргөн. «Алга» – Экинчи Лигада турнирди жеңип, Биринчи Лигада бирден ашык сезон ойногон жалгыз кыргызстандык клуб.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты