Футбол: “Барселона легендалары” “Азия легендаларын” 3:0 эсебинде утуп алды

  • 3 months мурун

Бүгүн, 30-августта, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселона легендалары! менен “Азия легендалары” командаларынын футбол боюнча беттешүүсү болду.”Барселона легендалары” “Азиялыктарды” 3:0 эсебинде утуп алды.

Беттеште “Азия” командасы менен бирге президент Садыр Жапаров да ойноду. Мамлекет башчы 11-номурда болду.

Биринчи таймда алгачкы голду бразилиялык ардагер футболчу Ривалдо киргизди. Экинчи голду Хуан Пабло Сорин киргизди.

Экинчи таймда “Барселона дегендалары” дагы бир гол киргизди. Ошентип, “Барселона легендалары” “Азия легендаларын” 3:0 эсебинде утуп алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты