Футбол: “Абдыш-Ата” командасы жылдын супер кубогунун ээси болду
- 3 дня мурун
20-октябрда Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2024-жылкы Кыргыз Республикасынын супер кубогунун беттеши орун алды. Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубу 2024-жылкы супер кубогунун ээси болду.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.
Супер кубок үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону «Абдыш-Ата» футболдук клубу жана өлкө кубонунун ээси «Мурас Юнайтед» кез келишти.
Беттештин 22- мөөнөтүндө Кайрат Жыргалбек уулу эсеп санды ачып, оюн «Абдыш-Атанын» жеңиши менен аяктады.
Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубу 2024-жылкы супер кубогунун ээси болду.
Нурдин Букуев КФБ атынан «Абдыш-Ата» клубуна 2024-жылкы Кыргыз Республикасынын супер кубогун жеңгендиги үчүн 20 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификатын тапшырды.
Сүрөт: КФБ
Муну бөлүшүү