Француз актеру Ален Делон 88 жашында дүйнө салды

  • 4 недели мурун

Франциялык белгилүү актер Ален Делон бүгүн, 18-августта, 88 жашында каза тапты. Бул тууралуу Le Figaro жазды.

Ален Делон 1935-жылы 8-ноябрда туулган. Ал ондогон жылдар бою дүйнөдөгү белгилүү актерлордун сап башында турган.  

Ален Делон 80ден ашык кинофильмде тартылган, анын ичинде “Рокко жана анын агайындары”, “Кара жоогазын”, “Зорро”, “Полиция окуясы”, “Тегеран-43”, “Багынгыс”, “Леопард”, “Бассейн” жана башка.

Француз актеру Делон Висконти, Жан-Люк Годар, Жан-Пьер Мельвиль, Микеланджело Антониони, Луи Маль сындуу режиссерлор менен бирге иштешкен.

Ошондой эле ал өзүн режиссер жана продюсер катары көрсөтө алган.  

Делондун эмгектери франциялык “Сезар”, америкалык “Алтын глобус” ж.б. эл аралык көптөгөн сыйлыктарды алган.

Сүрөттө: Ален Делон. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты