Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 

Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 

5-июнда өзүн “7-Каналда” иштейт деп көрсөткөн Асель Жаныбековна аттуу Фейсбук колдонуучусу “Алга Садыр Жапаров” деген тайпага активисттердин ЛГБТ коомчулугуна колдоо сөздөрү жазылган баракчаларды кармаган сүрөттөрүн бөлүштү. Жаныбековнанын билдирүүсүндө “Кыргыздар эмне эле болуп жатабыз өзү? Качан эле кыргыз бир жыныстык никеге макул болду, койсоңорчу ай. Андан көрө өз баалуулуктарыбызды, кыргыз жыттанган нарк-насилибизди сактабайлыбы!”, — деп жазылган. 

Ушул эле сүрөттөрдү Фейсбуктагы фейк болуу ыктымалдуулугу жогору башка аккаунттар дагы бөлүшүшкөн.

Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 

“ПолитКлиника” медиасы бул сүрөттөрдү текшерип көрдү

Бурмаланган сүрөттөр

2-июнда “Smart Жаран” ассоциациясы Фейсбуктагы баракчасына “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталган мыйзам долбооруна каршы жарандык акция башташкан. Алар өздөрүнүн билдирүүлөрүндө, эгерде мыйзам кабыл алынса, ой эркиндиги үчүн, пикир эркиндиги үчүн “ чет элдик агент” аталып калуу коркунучу бар экендигин айтып чыгышкан: 

Чет элдик агенттер” жөнүндөгү дискриминациялык мыйзам долбоорунун негизинде башкача ойлорго чыдабоо, өлкөбүздү тышкы дүйнөдөн обочолонтууга умтулуу жүрүп жатат. Ой эркиндигибизди коргойлу!”, — деп жазылган посттун өзүндө.

Эми сүрөттөрдүн түп нускасын карап көрсөк. 

 “Smart Жарандын” Фейсбуктагы баракчасындагы сүрөттөрдөгү жазууларда: 

“Алар” үчүн мен чет элдик агентмин, анткени ой эркиндигин каалайм!»;

“Алар” үчүн мен чет элдик агентмин, анткени өзгөрүүлөрдү каалайм!»,

“Алар” үчүн мен чет элдик агентмин, анткени зомбулукка каршымын!»,

“Алар” үчүн мен чет элдик агентмин, анткени мен коррупцияга каршымын!»,

“Алар” үчүн мен чет элдик агентмин, анткени сөз эркиндигин каалайм!” — деген сөздөр гана бар. 

Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 

Тактап айтканда, 2-июнда “Smart Жаран» ассоциациясы Фейсбуктагы баракчасына “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзам долбооруна каршы жарандык акция башташкан. Андан көп өтпөй эле, 5-июнда башка аккаунттар ушул сүрөттөрдөгү жазууларды “ЛГБТны колдойбуз” деген жана башка маанидеги текстке алмаштырып, Фейсбук группаларга таратышкан.

Сүрөттөрдү түп нускасы менен салыштырып көрсөк:

Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 
Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 
Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 
Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 

Жалган маалыматтарды тараткандар кимдер? 

Бул маалыматты бөлүшкөндөрдүн бири Максат Муканов аттуу аккаунт. Анын өзүнө тишелүү болгон бир дагы жеке сүрөтү жок. Ал баракчасында жарандык коомду, көз карандысыз медиаларды дискредитациялоочу постторду жазып келген.

Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 

Ал эми Асель Жаныбековна деген аккаунт өзүн “7-Каналда” иштейт деп көрсөткөн жана сүрөттөрү менен бөлүшкөн. 

Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 

“Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзам долбоору

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.  Мыйзам долбоорун Надира Нарматова, Шайлообек Атазов, Шайырбек Ташиев баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары алып чыгышкан. 

Эксперттердин пикиринде аталган мыйзам долбоору: 

  • коммерциялык эмес уюмдарды каттоо процедурасын өзгөртүүгө;
  • мамлекеттик органдар тарабынан кошумча көзөмөлдү киргизүүгө;
  • “чет элдик өкүл” түшүнүгүн киргизүүгө;
  • жарандардын жекелигине жана укуктарына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдар менен «чет элдик өкүлдөргө» кылмыш жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган.

Юристтер аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери коммерциялык эмес уюмдарга чет элдик өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм жана өлкөнүн саясий ишмердүүлүгүнө кийлигишип жаткан уюм катары жаңы укуктук статус киргизип жатканын белгилешет. 

Анткени сөз болуп жаткан мыйзам долбооруна ылайык, эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден жана алардын мамлекеттик органдарынан, чет өлкөлүк жарандардан каражат алып, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган коммерциялык эмес уюм” болуп саналат.

Ал эми саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан коммерциялык эмес уюмдардын аракети өлкөнүн саясий ишмердүүлүгүнө кийлигишүү катары бааланат. 

Юристтер бул норма өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин айтышууда.

Ошондой эле алар аталган мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды көзөмөлдөө үчүн бийлик органдарына өтө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берерин белгилешкен.

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери дагы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, анда өлкөнүн Баш мыйзамы жана эл аралык укуктук документтер менен корголгон адам укуктары менен биригүү эркиндигине карата “катаал укуктук көзөмөл” киргизилгенин билдиришти. 

Бир сценарий менен …

Эсиңиздерде болсо, 2020-жылы 8-мартта “Аялдардын укуктары үчүн күрөштө аялдардын тилектештигинин күнүндө” тынчтык маршы өткөн. Маршка тоскоолдук жаратуу максатында бир топ провокациялар уюштурулган. Марштан кийин социалдык тармактарда жүрүштөн делген сүрөттөр чыга баштаган. Сүрөт чындап ошол жерде отурган аялдар болуп, болгону алардын плакаттарындагы жазуулар Photoshop аркылуу өзгөртүлгөн.

Түп нуска сүрөттөрдө плакаттардагы ураандар: “Биз аялдарга карата зомбулукка каршыбыз” деп жазылган. 

Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 
Фотофейк: Активисттердин сүрөттөрү бурмаланган 

Демек, бул биринчи жолу эмес. Буга чейин дагы ушундай эле ыкма менен жарандык коомдун акцияларын дискредитациялоо аракеттери болуп келген. 

Жыйынтык: Фейсбукта таралган “ЛГБТны колдойбуз” деген жазууларды кармап түшкөн cүрөттөр фейк. Алардын түп нускасында активситтер “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы экендигин билдирген сүрөттөр болгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты