Forbes: Назарбаевдин кыз-күйөөсү бир жылда байлыгын эки миллиард долларга көбөйттү

  • 2 года мурун

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева менен жолдошу Тимур Кулибаевдин байлыгы бир жылда эки миллиард долларга көбөйдү.

Forbes журналынын версиясы боюнча 2022-жылы түгөйлөрдүн дөөлөтү 7,6 миллиард долларга жетип, бай кишилердин тизмесинде 778 орунга жайгашты.

“Азаттыктын” казак кызматынын билдиришинче, 54 жаштагы Динара менен 55 жаштагы Тимур Кулибаевдер өлкөдөгү эң ири каржы уюму – Элдик банк көзөмөлдөгөн «Алмэкс» компаниясынын түпкү бенефициарлары. Алар мындан тышкары Казакстандын бир нече шаарында соода жана оюн-зоок борборлоруна ээлик кылган компанияларды башкарышат.

2021-жылы Кулибаев Алматы аэропортун түрк холдингине сатуу боюнча келишимге кол койгон. Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, келишимдин наркы 365 миллион долларды түзгөн.

Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана ага жакын кишилер жогорку кызматтардан ажыратылган. Тимур Кулибаев «Атамекен» ишкерлер палатасынын президиумунун төрагалыгынан кеткен. Динара Кулибаева көп көрүнбөй калды. ЖМКлар ал убактысынын көбүн чет өлкөдө өткөрүп жатканын жазышууда.

Динара Кулибаева – Женева көлүнүн жээгиндеги эки кымбат баалуу үйдүн жана Бельрив сарайынын ээси. Швейцариялык басылмалар былтыр Женева кантонунун бийлиги Кулибаеванын тарыхый мааниси бар имаратты ондоп-түзөөдөн өткөрүү тууралуу планына тынчсызданып жатканын жазышкан.

Быйыл Deutsche Welle журналисттери Германиядан Тимур Кулибаевге тиешелүү бир нече кыймылсыз мүлк тапкан. Анын арасында вилла жана эки конок үй да бар.

Кулибаевдердин Европа өлкөлөрүндө башка да кыймылсыз мүлктөрү бар экенин айтылып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты