Fly Jump окуясы: экстремалдуу туризмдеги көзөмөл жана коопсуздук үчүн ким жооптуу?  

Мындан дээрлик бир ай мурун Fly Jump спорт комплексинде 39 жаштагы киши аркан менен 25 метр бийиктиктен секирүү учурунда жип үзүлүп кетип, каза болгон эле. Окуя Аламүдүн районунун Чуңкурчак капчыгайында катталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүү катары Fly Jump’тын жетекчиси кармалган. Ал кийин соттун чечими менен үй камагына чыкты. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда окуя боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Спорт комплекстеги каргашалуу окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, экстремалдуу туризм тармагындагы көзөмөл жана коопсуздук маселелери боюнча суроолорду жаратты. 

Fly Jump тууралуу

Fly Jump комплекси роуп-жампинг боюнча кызмат көрсөтүп келген. Аталган спорт комплекси Юстиция министрлигинде “ФЛАЙДЖАМП” жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) катары 2018-жылы катталып, 2022-жылы кайра каттоодон өткөн. Ал жеке менчик компания болуп каттоого туруп, жетекчиси катары Нурдин уулу Адилет деген жаран көрсөтүлгөн. Ал эми негизги ишмердүүлүгү “спорттук курулуштарды иштетүү жана башкаруу” (эксплуатация и управление спортивными сооружениями) деп жазылган. Fly Jump комплексинин ишмердүүлүгү турагенттердин ишмердүүлүгүнө окшош болгон. Алар белгилүү бир суммага кардарларга роуп-жампинг кызматы менен кошо транспорт менен ташуу кызматын да көргөзүшкөн.

Fly Jump сыяктуу иш жүргүзүү үчүн лицензия талап кылынбайт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Экономика жана коммерция министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылып, мындай спорт комплекстер кандай лицензия аларын сурап көрдүк. Бирок бул мекемелердин бардыгы Fly Jump’тын ишмердүүлүгү үчүн лицензия берип, көзөмөл жүргүзбөй тургандыгын айтышты.

Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Fly Jump спорт комплекси сыяктуу курулуштарга лицензия берүү жободо жок экендигин айтты. “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун” 217-беренесинде “Ишкердик субъекттеринин ушул главадагы иштин түрлөрүнүн тизмегине киргизилбеген иштерди жүзөгө ашыруусу эркин болуп саналат жана лицензия алууну талап кылбайт” деп жазылган. Ал эми аталган главада көрсөтүлгөн лицензия берилүүчү ишмердүүлүктөрдүн катарында Fly Jump спорт комплекси сыяктуу курулуштар жок. Демек, Fly Jump жана ал сыяктуу спорттук курулуштарды иштетүү эркин болуп саналат.

Атайын адистер иштетиши керек

Роуп-жампинг (Rope jumping) экстремалдуу спорт түрүнө кирет. Анда адамдар атайы альпинисттик аркандар жана башка жабдуулар менен бийиктиктен боюн таштап секиришет. Ошондой эле, роуп-жампингде бийиктиктен секирүүнүн бурчу математикалык жана физикалык жактан туура эсептелиши керек. Ушул себептүү бул ишмердүүлүктү атайын даярдалган адистер жүргүзүшү зарыл. Ал эми андан секирүүнү каалаган адам дагы физикалык жана психологиялык жактан дени сак болушу керек. Роуп-жампинг менен экстремалдык спортту сүйүүчүлөр же жөнөкөй адамдар курч сезимдерди жашаш үчүн, адреналин алуу үчүн алектенишет. Анын негиздөөчүсү – америкалык аскага чыгуунун чебери жана экстремал Дэн Осман. Ал 190 метр бийиктиктен секирип роуп-жампинг боюнча дүйнөлүк рекорд койгон. Бирок 1998-жылы өзүнүн рекордун жаңыртам деп жатып, 300 метр бийиктиктен секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, каза болгон.

Роуп-жампинг кызматын сунуштагандарды кайсы мыйзам тескейт?

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы алардын көзөмөлү астына механикалык аттракциондор гана кирерин, башка жеке менчик объектерге, аймактарга кийлигише алышпасын айтты: 

“Механикалык аттракциондорго жол-жоболорду иштеп жатканда мындай аттракциондор, Fly Jumpка окшогон объекттер же парашютка окшогон нерселер жок болчу экен. Алар таптакыр каралбаптыр, эске алынбаптыр. Ошол үчүн алардын иштеши, аларды текшерүү жободо да жок экен”.

Ал эми аталган министрликке караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматына “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелери” боюнча кайрылууга аракет кылганыбызда алар азыркы тапта комментарий бере албастыгын билдиришти. Алар муну аталган документ азыркы учурда толук иштелип чыгуу процессинде болгону, документте кайсы бир укуктук суроолор такталып жаткандыгы менен түшүндүрүштү.

Экстремалдуу туризмдеги коопсуздук: мамлекеттик орган эмне дейт?

Экстремалдуу туризм жаатындагы коопсуздукту көзөмөлдөө маселеси боюнча Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова маек берди. Анын айтымында, Туризм департаментинин ар кандай туристтик компанияларга көзөмөл жүргүзүү укугу жок.

“Биздин жалпы туризмде кандай өнүгүү болуп жатат, биз ага кантип жардам бере алабыз деген координациялоо милдетибиз гана бар. Бирок биз алдыда туризм боюнча иш алып барган компаниялар, жеке ишкерлер уруксат кагазын алып иштесин деп сунуштап жатабыз. Азыр биздин “Сен бул стандарттын талаптарын аткарган жоксуң” же “бул техникалык регламентти сактаган жоксуң” деп айтканга укугубуз жок. Бирок ошондой укуктуу бололу деп сунуштап атабыз”, — деди Кыял Кенжематова.

Орун басардын айтымында, туризмдеги коопсуздук департаментте орчундуу маселелердин бири. 

“Бизде туркомпаниялар аркылуу туристтерге кайсы жакка барууга болбой тургандыгы, ал жерде кандай коркунучтар бар экени тууралуу алдын ала божомолдонгон маалымат берилет. Өзүбүз дагы жергиликтүү деңгээлде ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө деп жергиликтүү бийликке кайрылабыз. Өзүбүздүн сайттарга, социалдык баракчаларга чыгарабыз. Туристтерге өзүңөрдүн ден соолугуңарга, өмүрүңөргө жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жол коопсуздугун сактагыла, жеке, экологиялык, маалымат коопсуздугун сактагыла деп дайыма айтып келебиз. Тилекке каршы, ар кандай учурлар болот”, — деп кошумчалады Кенжематова.

Ал туризмде коопсуздук маселелери жогорку деңгээлде камсыздалбаган болсо, өлкөдөгү туризм тармагына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин кошумчады:

 “Эстремалдык туризм кызматын сунуштаган компаниялар акча гана табуунун көзүн көздөбөй, ишмердүүлүктүн сапатына, коопсуздукка абдан чоң көңүл бөлүшү керек. Бүт стандарттарды, коопсуздукту мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде сакташ керек, тийиштүү уруксат кагаздарын алышы зарыл”.

Экстремалдуу туризмдеги коопсуздук: эксперт эмне дейт?

Кыргызстан тоо гиддери ассоциациясынын гиди, 2006-жылдан бери альпинизм жана тоо лыжасы тармагында гид болуп иштеген Касидин Мусаевдин айтымында, экстремалдуу туризмдеги коопсуздук эрежелери көп учурда бул тармакта ката кетирип, каза болгон адамдардын окуясынан улам жазылат: 

“Экстремалдуу туризмдеги ишмердүүлүктө эки жак үчүн, башкача айтканда, компаниялар үчүн жана алардын кызматын колдонгон адамдар үчүн бардык коопсуздук эрежелери эбактан эле жазылып бүткөн. Болгону ошол эрежелерге маани берип, сый мамиле кылуу керек эле”. 

Касидин Мусаевдин ою боюнча, Fly Jump аттракционундагы жиптин үзүлүп кетиши толук мүмкүн болчу. Анткени андагы ар бир секирүү шаймандарга, өзгөчө арканга өтө катуу күч келтирет.

“Альпинисттик шаймандардын ар бири өз паспортуна ээ болуп, ал жерде бардык маалыматтар жазылат. Мисалы, ал шаймандар кандай шартта, канча убакыт жана кантип иштетилүүсү керек деген маалыматтар. Аскага чыгуу боюнча инструкторубуз бизге аскага чыгып баратып аркан үзүлсө, ошол учурда иштетилген аркан, бириктирүүчү шаймандарды, илгичтерди, камалотторду эч качан кайра колдонбогула деп айтчу. Роуп-жампингдин төркүнү ошол аскага чыгуудан келип чыккан. Андагы ар бир секирүү ошол шайманга, өзгөчө арканга өтө катуу күч келтирет. Ошондуктан, албетте, бул ишмердүүлүктө колдонула турган бардык шаймандар тез-тез жаңыртылып туруусу керек”, — деди Мусаев.

Экстремалдуу туризм 100% коопсуздук кепилдигин береби деген суроого Касидин Мусаев мындай жооп берди:

“Экстремалдуу туризм эч качан 100% коопсуздук кепилдигин берген эмес жана келечекте да бербейт. Ошондуктан ал экстрим бойдон кала берет. Эгерде экстремалдуу туризмдин кайсы бир түрү 100% кепилдик бере алса, анда ал экстримдин тизмесинен чыгышы керек деп ойлойм. Бул жерде суроо экстремалдуу туризм менен алектенип жаткан адамдын өзүнө берилиши керек. “Кылып жаткан иш анын ден соолугуна жана өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туудурарын ал билеби?” Ушул аттракционго бара турган ар бир адам өзүнүн өмүрүнө өзү жоопкерчиликтүү. Баса, роуп-жампингти баштаган адам өзү дагы дал ушул жол менен каза тапкан эле”.

Касидин Мусаевдин айтымында, адам өлүмүнө алып келген кырсыктар Кыргызстанда экстремалдуу туризм тармагын солгундатышы мүмкүн эмес. 

Кыргыздарда “Жаман айтпай жакшы жок” дегендей, ушул кырсыктар бизде экстрим турларды сунуштагандарга сабак болуп, коопсуздук эрежелерин окуп, үйрөнүүсүнө жана туризмдин бул түрлөрүн өзүнүн адистери гана алып баруусуна түрткү берет деп ишенем”, — деди Касидин Мусаев.

Адис мындай кырсыктар адамдарга өз өмүрүн башка адамга, шаймандарга жана соцтармактардагы тренддерге тапшырбастан, өзүнүн өмүрүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну ойлондурарын кошумчалады.

Fly Jump спорт комплекси менен аталган маселелер боюнча байланышуу үчүн кылган аракетибизден майнап чыккан жок. “ПолитКлиника” медиасы алардын пикирин угууга жана берүүгө дайым даяр.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты