Физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылды

  • 1 неделя мурун

Физиология жана медицина боюнча 2024-жылдын Нобель сыйлыгы микроРНКны ачкан америкалык окумуштуулар Виктор Эмброс менен Гэри Равканга ыйгарылды.

МикроРНК бул рибонуклеин кислотасынын, кыска молекула классы, ал көптөгөн гендердин активдүүлүгүн аныктайт. Дал ушул микроРНКдан организмдеги тигил же бул клеткадагы тигил же бул гендин активдүү болушу көз каранды.   

2023-жылы медицина боюнча Нобель сыйлыгы Каталин Карико менен Дрю Вайсманга COVIDге каршы мРНК вакцинаны иштеп чыгууда нуклеин кислотасын модификациялоо жаатындагы ачылышка ыйгарылган.

Нобель сыйлыгынын ар бир категориясы боюнча сыйлык 11 миллион швед крону же 1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө болот.   

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты