Фитосанитардык сертификат алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

  • 5 дней мурун

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин жооптуу кызматкери пара алууга шектелүүдө.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына айыл чарба министрлигине караштуу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, фитосанитардык сертификатты берүү үчүн акча чогултуу схемасын түзгөнү аныкталган.

Бул боюнча ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Белгиленген маалыматтар боюнча, Балыкчы шаарында фитосанитардык көзөмөлдүн (өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин) кызматкери жана брокерлер делгендер ишкерлерден фитосанитардык сертификат үчүн мыйзамсыз акча төлөп берүүнү талап кылышкан. 

Белгиленген маалыматтар боюнча Балыкчы шаарында фитосанитардык көзөмөл (Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти) кызматкери жана брокер деп аталган ишкерлер фитосанитардык сертификат үчүн мыйзамсыз акы төлөөнү талап кылышкан. Ушул сыяктуу бир нече фактылардын дагы бети ачылды: 13000 сом, 8000 жана 10000 сом суммасында акча каражаттарын алышкан. 

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ишкерлерден фитосанитардык сертификат бергендиги үчүн 5000 сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен ортомчулук (брокерлер) милдетин аткарып жаткан М.И., П.П жарандар кармалган.

Бул факты боюнча кармалгандардын жашаган жеринен тинтүү учурунда компьютерлер, фитосанитардык сертификаттар жана башкалар алынды. Бул фактынын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алууда ортомчулук кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Бир нече убакыттан кийин кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ысык-Көл химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо карантини боюнча департаментинин инспектору К.Р. кармалды. Ал камакка алынган.

Кармоо иш-чаралары бир нече ай мурун жасалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, материалдар сотко жөнөтүлдү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты