ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келди

  • 1 год мурун

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жанни Инфантино сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугат. Алардын Кыргыз футбол бирикмесинин жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышары пландалууда.

Бирикмеден билдиришкендей, жолугушуулардын алкагында эл аралык уюмдун КФС демилгелерин колдоо, тактап айтканда, өлкөдөгү футболдук инфраструктураны жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты