ФИФАнын кыргызстандык экс-футбол калысы Тимур Файзуллин дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

  • 2 месяца мурун

ФИФАнын ата-мекендик экс футбол калысы Тимур Файзуллин мезгилсиз, 42 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Калыстык карьерасында Файзуллин локалдык чемпионат жана кубоктордон сырткары бир топ эл аралык оюндарды тейлеген, анын ичинде дүйнө чемпионатынын жана Азия кубогунун квалификациялык беттештерине калыстык кылган.

Калыстык карьерасын аяктагандан кийин Файзуллин калыстыкка кошкон салымы үчүн Азия футбол конфедерациясынын «AFC Memento» сыйлыгына ээ болгон.

Тимур Наильевич акыркы жылдары кыргыз премьер-лигасынын беттештеринде инспектор катары дайындалып, иштеп келген.

Кыргыз футбол биримдигинин жааматы терең кайгыруу менен Тимур Наильевичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кайгысы менен тең бөлүшүп, сабыр тилейт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты