Фейсбукта УТРКнын материалдарын бөлүшүп жүргөн фейк аккаунт “Клооп” басылмасы тууралуу жалган билдирүү жазган (Фактчекинг)

“Алина Тилекова” аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына кыргыз тилинде революцияга үндөгөн видео менен бөлүшүп, аны “Клооп” медиасы таратып жатканын жазган. Ал билдирүүсүндө аталган медианы “ички душман эмеспи?” деп суроо салган.

“ПолитКлиника” медиасы аталган видео менен “Клооптун” байланышын жана “Алина Тилекованын” аккаунтун текшерип көрдү.

“Алинанын” постуна тиркелген видео ТикТоктогу “user123ass” аккаунтуна жарыяланган. Анда “+++ калтырабыз жакында революциянын датасы жарыяланат. канча адам чыгат??? ким даяр” деп жазылган. Ошондой эле видеодон “Клооптун” логосун көрүүгө болот. Ал эми текст логонун үстүнө бастырылып жазылган.

Биз аталган видеонун түп нускасын издеп көргөнүбүздө ал 2014-жылы 6-апрелде “Клооптун” Ютуб-каналына жарыяланган материалдын үзүндүсү болуп чыкты. Ал эми видеодогу кадр 2010-жылдагы Апрель революциясы учурунда Ала-Тоо аянтында тартылган. 

Видеонун үстүнө революцияга үндөгөн текст жазып, тараткан аккаунттун ТикТокто дээрлик 4 миңге жакын катталуучусу бар. Эң алгачкы видеолорунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду колдоп келген. Ал эми 4 күн мурун, тагыраагы, 20-августтан баштап Садыр Жапаровдун бийлигине каршы революцияга үндөгөн видеолорду жарыялай баштаган. 

Бул баракчаны ким башкарары башкы бетинде жазылган эмес. Бирок анын “Клоопко” эч кандай тиешеси жок. Анткени “Клооптун” ТикТокто кыргыз жана орус тилдүү расмий баракчалары бар. Бул баракчаларда жогорудагы видео же ага окшош контексттеги башка материал жарыяланган эмес. 

Жалган маалыматты калмакстандык кыздын сүрөтүн колдонгон фейк аккаунт жазган

Жогорудагы видеону Фейсбукта бөлүшкөн аккаунт — фейк.  Өзүн “Алина” деп тааныштырган бул баракчанын башкы бетиндеги сүрөттү интернеттен издегенибизде ал калмакстандык Айса Хулаеванын сүрөтү болуп чыкты.

“Алина” аккаунтунда Бишкекте жашарын жана 2005-жылы 1-февралда төрөлгөнүн көрсөткөн. Андан башка өздүгүн тастыктай турчу маалымат жок.

Достугунда 63 адам бар, аккаунт ушул жылдын февралынан тартып иштей баштаган.


Белгилей кетчү нерсе — бул аккаунт УТРКнын, “ЭлТР” телеканалынын жана Фейсбуктагы “Бармак медиа” деп аталган баракчанын постторун түрдүү баракчаларга бөлүшүп, таратат. Ошондой эле УТРКнын кызматкери Таттыбу Назаркулованын билдирүүлөрүн байма-бай бөлүшкөнүн дагы байкоого болот. 

Белгилей кетсек, буга чейин “Чекит Медиа” “Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?” деген аталыштагы иликтөөлөрдүн сериясын жарыялаган.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгүндө Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышы тууралуу баяндалган. Ошондой эле иликтөөдө фейк фабриканын артында президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков турабы деген суроо да көтөрүлгөн. Иликтөөдө айтылгандарды Орунбеков, кийин УТРК дагы четке каккан.

Жыйынтык: Фейсбуктагы “Клооп” басылмасы революцияга үндөгөн видео тараткан” деген маалымат жалган. Бул билдирүүнү жазган аккаунт — фейк. Анын УТРКнын кызматкерлери менен байланышы бар экенин божомолдоого болот. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты