Фейктин жаңы түрү. “Адамдар арасында” баракчасына эмнеге ишенүүгө болбойт?

Фейсбук социалдык тармагындагы “Адамдар арасында” баракчасы кээ бир медиалардын атын, логосун колдонуп фейк маалыматтарды таратып жатат.  Эмне үчүн бул маалыматтарга, баракчага ишенүүгө болбойт? “ПолитКлиника” медиасы анализинде түшүндүрүп берет. 

Фейсбук социалдык тарамагындагы “Адамдар Арасында” деген аталыштагы баракча 2021-жылдын 9-ноябрында ачылып, биринчи билдирүүсүн калтырган. 

Фейктин жаңы түрү. “Адамдар арасында” баракчасына эмнеге ишенүүгө болбойт?

Биринчиден, баркча шайлоо алдында гана ачылган жана көбүнчө кээ бир талапкерлерди каралоочу маалыматтарды чыгарып баштаган. Баракчадагы контент жалаң гана шайлоого багытталган материалдар.

Баракчанын биринчи бөлүшкөн постторун карап көрсөк, алардын биринде Президент Садыр Жапаров жана УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевди колдогон видеосун калтырган. 

Кийинчерээк баракчада көбүнчө Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текевабев жөнүндө терс жана каралоо үчүн жасалган фото, видеолорду чыгарып келген. 

Фейктин жаңы түрү. “Адамдар арасында” баракчасына эмнеге ишенүүгө болбойт?
Фейктин жаңы түрү. “Адамдар арасында” баракчасына эмнеге ишенүүгө болбойт?

Экинчиден, жакында дагы таратылган Текебаев тууралуу делген чуулгандуу видеону ушул баракча биринчи болуп чыгарган. Бул боюнча дагы Клооп басылмасынын атынан делген жасалма фейк маалымат тарата баштаган. Постто оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын талапкери Али Токтакунов партия лидери Өмүрбек Текебаев саясий бирикменин адвокаты менен ыплас аракет кылганын ырастаганы айтылат. Баракчадан бул маалымат азыр алынган. 

Клооп бул маалыматты четке кагып, фейк экендигин айткан.  

Үчүнчүдөн,  жакынкы бир жумадан бери медиалардын атын, логолорун колдонуп бир нече партия лидерлерин жана талапкерлерди каралаган фейк маалыматтарды таратып баштады.
 

Алардын арасында саясатчы Өмүрбек Текебаев, талапкер Али Токтакунов, «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров, аталган партиянын талапкери Орозайым Нарматова, депутат Рыскелди Момбеков тууралуу фейк маалыматтар бар.

Фейктин жаңы түрү. “Адамдар арасында” баракчасына эмнеге ишенүүгө болбойт?
Фейктин жаңы түрү. “Адамдар арасында” баракчасына эмнеге ишенүүгө болбойт?
Фейктин жаңы түрү. “Адамдар арасында” баракчасына эмнеге ишенүүгө болбойт?
Фейктин жаңы түрү. “Адамдар арасында” баракчасына эмнеге ишенүүгө болбойт?

Мындай материалдар чыкпаганын Next TV телеканалы өзү кабарлады.

«Next TV» телеканалы ар дайым маалыматтын объективдүү жана ишенимдүүлүгүнүн принциптерин карманат, жеке адамдарды жана компанияларды каралоо менен алектенбейт. Фейсбук жана Инстаграм ачык социалдык тармактарыбыздагы маалыматты текшерүүнү жана провокацияларга алдырбоону сунуштайбыз», — деп белгилейт телеканал.

Басылманын атынан билдирүүлөр чыгып жатканын, ага редакциянын эч кандай тиешеси жок экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги да билдирди.

«Sputnik Кыргызстан агенттигинин атынан редакциянын эч кандай тиешеси жок социалдык тармактарда билдирүүлөр таратылууда. Бул материалдар Sputnik Кыргызстан агенттигине жарыяланган сыяктуу кылып койгон, бирок чындыгында мындай маалымат агенттиктин сайтында же социалдык тармактардагы расмий баракчаларында болгон эмес», — деп жазат басылма. 

Жыйынтык: “Адамдар арасында” баракчасы фейк маалыматтар бөлүшүп, элге туура эмес маалымат берип жатат. “ПолитКлиника” медиасы окурмандарга күмөндүү маалыматтарга ишенбөөгө жана расмий булактардын маалыматтарына гана ишенүүнү сунуштайт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты