Фейк билдирүүлөрдү тараткан шектүү жаран кармалды
- 2 года мурун
Интернет тармагында ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрү колдонулган жарнамалык басылмалар таркап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал жарнамаларда, ИИМдин Кибер бөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акча каражаттарын кайтарып берүүгө жардам берери көрсөтүлгөн. Мындай аракеттер жарандарды адаштырууга багытталган алдамчылык схемаларынын бир бөлүгү болуп саналат.
Ички иштер министрлиги мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана бул жайылтылып жаткан маалыматка тиешеси жок экендигин билдирет.
Муну бөлүшүү




