Фейк-аккаунттар тараткан видеону бөлүшкөн. 7-каналдын Фейсбук баракчасына жарыяланган материалына медиасын

Ушул жылдын башында 7-каналдын Фейсбук баракчасына Баяна Кулова аттуу колдонуучунун “Темиров Лайв” иликтөөчү журналисттер командасынын директору Махабат Тажибек кызы тууралуу жазган посту жарыяланган. Канал Кулованын постун эч өзгөртүүсүз берип, аталган команданын мүчөлөрүнүн жеке жашоосу камтылган видеону тиркеген. Анда Махабат Тажибек кызынын жолдошу Болот Темиров жана кайын энеси менен делген телефон сүйлөшүүлөрүнүн аудиосу бар. Ошондой эле, 2022-жылы социалдык тармактарда фейк-аккаунттар аркылуу таратылган “Темиров Лайвдын” мурдагы кызматкеринин интимдик жашоосу камтылган видеонун үзүндүлөрү дагы кошулуп, монтаждалган.

7-каналдын Фейсбуктагы бул посту 17-февралга карата 140 миңден ашык көрүү топтоп, 500дөн ашык комментарий жазылган. Постко тиркелген видеодо 7-каналдын логотиби, ар кайсы платформалардагы даректери көрсөтүлгөн жана “Баяна Кулова: Ушул бузулган акмак акыл үйрөтөбү?” деген баш сөз жазылган.

Фейк-аккаунттар тараткан видеону бөлүшкөн. 7-каналдын Фейсбук баракчасына жарыяланган материалына медиасын
7-каналдын Фейсбук баракчасынан скриншот

Бул видеону жарыялоо менен 7-канал Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексинин жана “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдын бир канча беренесин бузган.

Алсак, 7-канал жарыялаган видео Журналисттердин этикалык кодексинин 11-беренсине каршы келет. Анда журналист ар бир адамдын жана жарандын жеке турмушуна сыпайы жана этият мамиле жасашы абзел экени жазылган.

11-берене:

Журналист ар бир адамдын жана жарандын жеке турмушуна сыпайы жана этият мамиле жасашы абзел. Материалдын каарманынын иш-аракеттери коомдук мааниге ээ болгондо же коомчулуктун кызыгуусун туудурганда гана анын жеке турмушуна кийлигишүүгө жол берилет. Журналист мындай материалдарды жарыялоо алдында үчүнчү тараптардын укуктарына доо кетпей тургандыгын текшериши керек.

Ал эми канал жарыялаган видеодо Махабат Тажибек кызынын жана “Темиров Лайвдын” мурдагы кызматкеринин жеке турмушу камтылган аудио жана видеолор алардын макулдугусуз жашыруун жаздырылып алынган.

Ошондой эле, 7-канал жарыялаган постто жана видеодо сөз болуп жаткан адамдардын пикирлери берилген эмес. Бул Этикалык кодекстин 17-беренесине каршы келет. Аталган беренеде каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт экени жазылган.

17-берене:

Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт.

Мындан сырткары, 7-канал башка жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери тууралуу терс пикир камтылган материалды жарыялоо менен Журналисттердин этикалык кодексинин 23-беренесин бузган. Анда журналист өз кесиптештерине залака келтирбей, алардын абийирин жана ар-намысын урматташы абзел экени белгиленген.

23-берене:

Журналист өз кесиптештерине залака келтирбей, алардын абийирин жана ар-намысын урматташы абзел. Кесиптик тилектештик алкагында журналист кесибинин, чынчыл атаандаштыктын, сөз жана маалымат эркиндигинин кызыкчылыгы үчүн күч үрөөгө тийиш.

Такталбаган маалыматты текшербестен берген

7-канал Баяна Кулованын Махабат Тажибек кызы тууралуу такталбаган маалыматтар камтылган постун эч өзгөртүүсүз берген. Билдирүүнүн башында гана цитата Баяна Куловага таандык экенин көрсөткөн.

Ал билдирүүдө Кулова Махабат Тажибек кызы “колунда иштеген кыздарды ар кимдин төшөгүнө салып берип, спонсорлору менен жатасың деп коркутуп, болбосо жумуштан кетирем деп кыйнап, кыздардын тагдырын талкалаганын” жазган. Видеонун өзүндө дагы ушул маанидеги сөздөр айтылат. Бирок буга эч кандай далил же факты берилген эмес.

Мындай такталбаган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратууга жол берилбей турганы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинде көрсөтүлгөн. Ошондой эле аталган мыйзамда массалык маалымат каражаттарында инсандын ар намысына жана кадыр баркына шек келтирүүгө болбой турганы дагы белгиленген.

Фейк-аккаунттар тараткан видеону бөлүшкөн. 7-каналдын Фейсбук баракчасына жарыяланган материалына медиасын

Ошондой эле, Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексинин жаңыланган редакциясында журналист өз материалында социалдык тармактардагы жазууларды, пикирлерди колдонуп жатып, алардын аныктыгын текшериши керек экени жазылган.

24-берене:

Журналист өз материалында социалдык тармактардагы жазууларды, пикирлерди колдонуп жатып, алардын жана аккаунттун аныктыгын текшериши керек. Зарыл учурда анын ээси менен байланышып, анын автордугун тактаган учурда гана бул жазууларды материалында колдоно алат.

7-канал жана медиаэксперт эмне дейт?

Сөз болуп жаткан материал боюнча 7-каналдын жетекчилигине кайрылганыбызда мекеменин башкы директору Илязбек Балташев видеону телеканал даярдабагын айтып, социалдык тармактарда башкалар бөлүшкөн постторду каналдын баракчасына жайгаштыруу практикасын көп колдонушарын билдирди:

Ал видео интернетте жүрөт, бир эле бизде эмес. 1-январда аны жарыялаган автордун баракчасында дагы жүрөт. Аны биздикилер алып чыгарган экен. Биз андай ыкманы көп эле пайдаланабыз.
Фейк-аккаунттар тараткан видеону бөлүшкөн. 7-каналдын Фейсбук баракчасына жарыяланган материалына медиасын
Илязбек Балташев

Балташев видеонун мазмуну боюнча шилтеме берилген адамга (Баяна Куловага — ред.) кайрылуу керек экенин айтып, анын мазмуну редакциянын көз карашын билдирбей турганын кошумчалады. Ошондой эле, ал видеодогу такталбаган маалыматтар боюнча материалда аты аталган адамдарга гана жооп бере турганын айтты:

Ошол авторго шилтеме берилип, анын фамилиясы жазылып турат. Ал (видео — ред.) каякта тартылган, каякта жасалган бизде толук маалымат жок. Такталбаган маалымат боюнча ошол жерде аты аталган адамдар берсе, биз жооп берет элек. Сиз үчүнчү адам болуп жатпайсызбы. Эгер ошол видеодогу аты аталган жарандар “биздин кадыр-баркыбызга шек келтирди” десе, ыңгайсыздык жаратса, биз өчүрүп деле кое беребиз.

Мындан тышкары, ал аталган видео телеканалдан эмес, социалдык медиада берилгенин белгилеп, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамда социалдык медиа ЖМК катары көрсөтүлбөгөнүн айтты.

Анткен менен медиаэксперт Элира Турдубаев жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган материалдарында дагы журналисттик стандарттарды жана этиканы сакташы керек деген пикирин билдирди.

Турдубаева 7-канал жарыялаган видеонун кабар катары эч кандай баалуулугу жок экенин жана ал журналистиканын эл аралык стандарттарын, Кыргызстандагы “Массалык мааламыт каражаттары жөнүндө” мыйзамдын, Журналисттердин этикалык кодексинин беренелерин бузарын айтты:

Журналистиканын кесиптик стандарттары деген бар. Бул бейтараптуулук, балансты сактоо, эки тараптын тең оюн берүү, фактылар, далилдер менен бышыктоо, фактчекинг жана адамдардын жеке жашоосуна киришпөө. [Бул видеодо] ушул кесиптик стандарттардын бардыгы бузулуп жатат.
Фейк-аккаунттар тараткан видеону бөлүшкөн. 7-каналдын Фейсбук баракчасына жарыяланган материалына медиасын
Элира Турдубаева

Медиаэксперт видеодо аты аталган жана көрсөтүлгөн адамдар журналист катары кесиптик ролун аткарып жатканын, алардын кесиптик ролу менен жеке жашоосун аралаштырбоого болбой турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал 7-канал шилтеме берип жаткан автор расмий булак эмес экенин жана анын постун текшербестен бөлүшүүгө болбой турганын айтты.

ЖМК бирөөнүн видеосун фактчекинг кылбай туруп эч качан бөлүшпөшү керек. Видеодо сөз болуп жаткан адамдардан комментарий алышы керек. “Чындап эле сенсиңби, чындап эле сенин аудиоңбу?” деп. “Ооба, меники” деген учурда деле аны чыгарбаш керек. Булар алардын ич кийимин чыгарып алып, элге көрсөтүп жатышат. Бул бардык баалуулуктарга, мыйзамдарга, керек болсо, диний баалуулуктарга дагы каршы келет.

7-каналдын бул мисалы “ЖМК социалдык тармактардагы баракчасында журналисттик стандарттарды жана этиканы сактабай койсо болобу?”, “видеонун башкаларга таандык болуусу, авторго шилтеме берип коюу жоопкерчиликтен куткарабы?” деген суроолорду жаратат. Андыктан ЖМК кандай болгон күндө дагы, кайсы платформадан сүйлөбөсүн, фактыга таянып, бейтараптуулукту, жалпысынан базалык стандарттарды сактап, мыйзамда жана Этикалык кодексте көрсөтүлгөн нормалардын чыкпоосу маанилүү экенин унутпоо зарыл.

Чынаргүл Жумабекова

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты