Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

24-ноябрь күнү ММКларда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Самат Исманов президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалганы тууралуу маалыматтар тарады.

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Социалдык түйүндүн колдонуучулары тараткан маалыматтарга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси боюнча активисттер кармалып жаткан кезде бул адам бийликти колдоп чыккан.  

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка туура келерин Bulak.kg аныктады.

“Массалык колдоо”

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча документтердин ачыкталышын талап кылган активисттер мындан бир ай мурун массалык түрдө кармалып жаткан кезде соцтармактарда бийликти активдүү колдоого алган түрдүү адамдардын топторунун видеотасмалары тараган. Анда чыгып сүйлөгөндөр жарандык активисттердин кыймыл-аракеттерин ачык сынга алып, агрессивдүү маанайдагы сөздөр да айтылган.

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Андай роликтерди дээрлик бардык облустарда тартышкан. Топ адамдардын атынан алдыга чыгып сүйлөгөндөрүнүн сөзүнүн маңызы окшош болгон: “мамлекет башчы Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев өз кызматын мыкты аткарып жатат. Ал эми ызы-чуу чыгаргандар элдин биримдигин бузууда”, бизде тынчтык болуп, Жапаров менен Ташиев гана кыргыз элине керек”, деген сөздөр жаңырган.

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Биздин редакция ал адамдардын айткандарынан зомбулук менен коркутуу, кастык тили жана манипуляцияны аныктап чыккан. Ошондой эле, фактчекерлер алардын арасынан айрымдары президент менен УКМК төрагасына жакын адамдар экенин аныкташкан.

Бийликке колдоо көрсөтүү жагынан Токмок шаарынын тургундары да четте калган эмес:

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Роликтеги бир нече эркектин арасынан экөө чыгып, бири кыргыз тилинде, экинчиси орус тилинде сүйлөп жатканын көрүүгө мүмкүн.

Алар мамлекет башчыны колдой турганын жана бийлик өлкөнүн келечеги үчүн гана иштеп жатканын баса белгилешет.

“Азыркы бийлик өнүгүү жолунда бара жатат. Бардыгыбыз муну өзүбүздүн Токмок шаарыбыздын мисалында көрүп турабыз. Урматтуу, Садыр Нургожоевич, Камчыбек Ташиев, биз токмоктуктар жана Чүй районунун тургундары сиздердин саясатыңыздарды колдойбуз. Сиздер өлкөбүздү өнүгүүгө алып барат деп ишенебиз. Абалды курчуткусу келгендерге айтарыбыз, келгиле жаратмандык менен алектенели”.

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Кыргыз тилинде чыгып сүйлөгөн адамдын (бою узунураагы) аты Жыргалбек Мамытов.

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Ал Токмокто мугалим болуп иштейт.

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Ал эми орус тилинде чыгып сүйлөгөнү – “Республика-Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Самат Исманов. Бул тууралуу маалыматты бизге ишенимдүү эки булак тастыктап берди. Андан тышкары биз дене түзүлүшүн жана баш кийимин Исмановдун соцтармактагы баракчасынан салыштырып, дал келгенин көрдүк.

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду
Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Парламентте Зулушевди алмаштырган

Самат Исманов 1980-жылы Токмок шаарында туулган. 19 жашында “Эликсир-Экспресс” ЖЧКсында түрдүү жумуштарды аткарган. 2001-жылдан 2003-жылга чейин түрдүү уюмдарда короо шыпыруучу, экономист жана коопсуздук кызматында иштеген. Анын өмүр тажрымалында Чүй облусунун ИИБинде кызмат өтөп, ишкерлик менен алектенгени тууралуу да маалымат бар. 2016-жылы Токмоктун депутаты болсо, 2020-жылдын октябрында парламентте “Республика-Ата-Журт” партиясынан, башкы прокурорлукка кеткен Курманкул Зулушевдин ордун алган.

Парламентте иштеп турганда Самат Исманов ошол кездеги ЖК боюнча кесиптеши Урмат Самаев менен бирге Чүй облустук олимпиадада байгелүү орундарды ээлеген мектептердин директорлоруна сыйлыктарды тапшырган.

Фактчек: Жапаров менен Ташиевди колдоп чыгып жүргөн адам Чүйдүн губернаторунун орун басары болду

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Самат Исманов 2013-жылдан тарта Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун бокс федерациясын жетектеп келет. Ал эми 2016-жылдан бери “Барс-Токмок” профессионалдык мушташ өнөрү клубунун президенти.

Жыйынтык: чындык. Токмок шаарынын тургундарынын атынан чыгып бийликти колдоп сүйлөгөн адам, андан бир ай өткөн соң, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматына отурду. Анын аты-жөнү Самат Исманов.

Булак: bulak.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты