Фактчек: Дайырбек Орунбековду колдогондордун 70%ы мамлекеттик ведомостволордун жана телеканалдардын кызматкерлери

8-февралда президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков «ПолитКлиника» сайтын жалган маалымат таратты деп айыптаган. T-media чиновникке колдоо көрсөтүп, пикир калтыргандардын 70%ы мамлекеттик медиалардын жана ведомстволордун кызматкерлери экенин аныктады.   

Эске салсак, 3-февралда «ПолитКлиника» басылмасы ЭлТРдин сюжетинде айтылган «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» деген билдирүүнү төгүндөгөн.

Ал эми 8-февралда ЭлТР телеканлы «Атайын репортаж» чыгарып, «ПолитКлиниканы» жана басылманын жетекчиси Дилбар Алимованы жалган маалымат таратты деп айыптаган.

Бул сюжет менен президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн жеке баракчасында бөлүшкөн. 

«Ал «Политклиника» медиасы Энергетика министрлигине, Каржы министрлигине дагы кайрылып маалыматты тактаган эмес. Бир жактуу жалган маалымат таратып, коомчулукка туура эмес маалыматты беришкен. Муну маалыматтык манипуляция, чындыкка дал келбеген караандай калп, өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жана максаттуу каралоо деп эсептейбиз» – деп билдирген.

Фактчек: Дайырбек Орунбековду колдогондордун 70%ы мамлекеттик ведомостволордун жана телеканалдардын кызматкерлери

Орунбековдун билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган, ал эми колдонуучулар аны менен 213 жолу бөлүшкөн. Айпери Ганыжан аттуу Facebook колдонуучусу билдирүү калтыргандарды баары мамлекеттин басма сөз кызматында иштегендер деп божомолдогон.  

Фактчек: Дайырбек Орунбековду колдогондордун 70%ы мамлекеттик ведомостволордун жана телеканалдардын кызматкерлери

Чиновникти «колдогондор» көп

T-media Орунбековдун билдирүүсүн талкууга алган ар бир колдонуучуну текшерип көрдү. Бардыгы болуп, посттун алдына 49 уникалдуу колдонуучу пикир калтырган (14-февралга карата). Алардын ичинен 37си чиновникти колдоого алган, сегизи колдобой турганын билдирген. Ал эми төрт колдонуучу нейтралдуу пикир калтырган. 

Мамлекеттик ЖМКлардын жана ведомстволордун кызматкерлери

Белгилей кетсек, чиновникти колдоого алгандардын ар бир төрттөн үчөө же 70%ы ар кайсы ведомстволордун кызматкерлери жана мамлекеттик телеканалдардын – УТРК жана ЭлТРдин кызматкерлери болуп чыкты.

Орунбеков менен "пикирлеш" болгон дагы 21,6% колдонуучунун кызмат ордуларын аныктоо мүмкүн болгон жок. Ал эми 8,1%ы башка медиалардын жана ишканалардын кызматкерлери экени маалым болду. 

Белгилей кетсек, чиновникти колдоого алгандардын арасынан кызмат орду аныкталбаган айрым колдонуучулар (ар бир үчүнчүсү) ЭлТРдин жана мамлекеттик ведомстволордун посттору менен байма-бай бөлүшүп жүргөнүн байкадык. Эгерде алар дагы мамлекеттик мекемелерге тиешеси бар болсо, анда Орунбековго колдоо көрсөткөндөрдүн 87,8%ы мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик ЖМКлардын журналисттери болушу ыктымал.  

Тескеринче, чиновникти сынга алгандардын арасынан бир дагы колдонуучу мамлекеттик ишканаларга тиешеси бар экени аныкталган эмес. 

Жыйынтык: президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун "ПолитКлиника" медиасы тууралуу билдирүүсүн колдоого алгандардын 70%ы мамлкеттик ведомстволордун жана ЖМКлардын  кызматкерлери. Бул көрсөткүч 87,8%га чейин болушу ыктымал. Анализге шилтемени бул жерден көрө аласыз. 

"ПолитКлиника" медиасынын ЭлТРдин жана Дайырбек Орунбековдун жогорудагы айыптоолоруна жообун бул жерден көрө аласыз.

Булак: T-media

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты