Европага виза ачтырып берүүнү убадалаган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 12 месяцев мурун

Европага виза ачтырып берүүнү убадалаган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарында бекинип жүргөн жеринен Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну 1995-жылы туулган М.Ш. кармалды.

«Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, ал Ош шаарынын аймагына атайын кеңсе ачып, жарандарга Европага виза ачып берүүнү жана ал жактан жумуш менен камсыз кылып берүүнү убадалап, акча каражаттарын алып турган. Шектүү жабырлануучуларга «Биздин Европадагы жумуш берүүчүлөр менен келишимдерибиз бар. Сиздер ал жакка барып, орношуп, жумушка киргенге чейин биздин фирма көзөмөлдөйт» деп ишендирген. Бүгүнкү күндө бул жарандан жабыркагандардын саны 150 адамдан ашкан», — деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучулардын көпчүлүгү 1800 евро акча каражаттарын виза үчүн беришкен. Аз бергендери 900 евро болгон. Шектүү негизинен Польша жана Германия өлкөлөрүнө жөнөтүүнү убадалаган. Шектүү 11-август күнү Бишкек шаарынан кармалып, Ош шаарына алынып келинди. Ош шаардык соту шектүүнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарды. Учурда алдамчылык беренеси менен тергоө иштери жүрүп жатат. Анын кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча ыкчам иштер уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты