Европада “маймыл чечеги” оорусуна байланыштуу кандай карантиндик чектөөлөр киргизилди? Текшеребиз

25-май күнү Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов пленардык жыйында “маймыл чечеги” вирусу жана ага Кыргызстандын даярдыгы тууралуу сөз кылган. 

“Дүйнөдө маймыл чечеги деген чоң оору пайда болду. Европанын 17 өлкөсүндө катталды. Жакынкы күндөрү карантин киргизилет деп жатат. Ушуга биздин Саламаттыкты сактоо министрлигинин даярдыгы кандай? Бул оору бизге келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.”, — деп билдирген Айбек Осмонов. 

Европада “маймыл чечеги” оорусуна байланыштуу кандай карантиндик чектөөлөр киргизилди? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы Европа өлкөлөрүндөкү карантик чектөөлөр тууралуу анализдеп көрдү. 

“Маймыл чечеги” жаңы оору эмес

Адамдардагы маймыл чечеги вирусу биринчи жолу Конго Демократиялык Республикасында 1968-жылы 9 жаштагы баладан аныкталган. Ошондон бери оорунун көбү Конго Республикасында жана Батыш Африканын тропикалык аймактарында каттала баштаган. 

2003-жылдын жазында Америка Кошмо Штаттарында маймыл чечеги оорусу тарай баштаган. Бул Африка континентинен тышкары жерде оорунун биринчи жолу катталган учуру болгон. Кийинчерээк белгилүү болгондой ооруну жуктуруп алгандар Африкадан алынып келинген майда кемирүүчүлөрдөн ооруну жуктурган талаа иттери менен байланышта болушканы аныкталган. 

Маймыл чечеги оорусун окумуштуулар жана медицина кызматкерлери расмий түрдө 1980-жылы эмдөө аркылуу жок кылышкан. Бирок практика жүзүндө, вирустун ташуучулары жаныбарлар болгондуктан, кийин да оору кайталган учурлары болгон. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, маймыл чечеги вирусун жуктуруп алгандан кийин, симптомдор 6-21 күн аралыгында чыга баштайт. 

Маймыл чечеги оорусунун адаттагы симптомдору болуп ысытма, катуу баш оору, лимфа бездери шишүүсү, белдин жана булчуңдардын оорушу, катуу алсыздык болуп саналат.

Температура көтөрүлгөндөн бир-үч күндөн кийин адамда исиркектер пайда боло баштайт.

Оору көпчүлүк учурда ылаңдаган жаныбардын каны, дене суюктугу жана жабыркаган тери же былжыр чел менен түздөн-түз байланыштын натыйжасында жугат. Мисалы Африка өлкөлөрүндө көбүнчө вирус жугузуп алган жаныбардын этин толук бышырбай жегенде оору жайылып кеткен учурлар болгон. 

Европа өлкөлөрүндөгү карантиндик чектөөлөр 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 22-майга карата “маймыл чечеги” вирусу кеминде 16 өлкөдө табылып, 250дөн ашуун адам илдетти жуктуруп алган. 

Алгач Британияда 7-май күнү  оорунун эндемикалык аймагы болгон Нигериядан кайтып келген британиялык тургунда маймыл чечеги инфекциясы тастыкталган. Кийинчерээк 14-май күнү оору дагы эки адамда тастыкталган. Кызыгы алардын бирөө Африкада болбогону жана биринчи ооруну жуктурган адам менен байланыш жасабаганы аныкталган. 

Көп өтпөй оору Европанын башка айтмактарына да тарай баштаган. Азыркы учурда Австралия, Бельгия, Франция, Германия, Италия, Нидерланды, Португалия, Испания, Швеция, Улуу Британия, АКШ, Швейцария, Израил, Канада, БАЭ, Чехия, Словения, Австрия , Дания өлкөлөрүндө “маймыл чечеги” вирусу катталды. 

Илдет бул өлкөлөргө тарай баштаганда  20-май күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чукул жыйынга чогулуп, учурдагы кырдаалды талкуулады.   ДСУнун чечек боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Розамунд Льюис маймыл чечеги вирусун токтотууга болоорун айткан.

“Бул вирус жана анын кантип жуккандыгы жөнүндө биз билгендер бул эпидемияны дагы деле токтотсо болорун көрсөтүп турат.Ошондуктан, жалпы калк үчүн коркунуч төмөн, анткени биз жугузуунун негизги жолдору мурункудай эле экенин билебиз.” -деп айткан. 

Дүйнөдөгү бир топ окумуштуулар да  чечек адамдан адамга жугушу өтө жеңил процесс эмес болгондуктан тароо процесси жай болоорун билдиришкен. Ошондой эле азыркы катталган жаңы учурлар “жеңилирээк” деп сыпатталып коронавирус сыяктуу пандемияга айлануусуна өтө аз ыктымалдуулук бар экенин айтышкан. 

Бельгия маймыл чечек менен ооруган бейтаптар үчүн 21 күндүк милдеттүү карантин киргизген биринчи өлкө болду. Аталган карантин бир гана ооруган киши үчүн милдеттүү болот. Ал эми коронавирус пандемиясы учурунда болгондой, өлкөнүн чек араларын жабуу, изоляция кылуу деген сыяктуу кадамдар жасалган эмес. 

Дал ушундай эле маймыл чечек оорусун жуктуруп алгандар үчүн Германия жана Европанын бир катар мамлекеттеринде да 21 күндүк карантин киргизүү чечими кабыл алынган. Ал эми Америка Кошмо Штаттары карантиндик чара киргизүүнү колдогон эмес. 

Жыйынтык: Европа өлкөлөрүндө жалпы карантин эмес, оору жугузуп алгандарга гана 21 күндүк карантин киргизилген. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты