Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кыргызстанга келди
- 1 год мурун
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен жолугат.
2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” аталыштагы экинчи саммит өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышмакчы.
3-июнда Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары башталат.
Муну бөлүшүү