Европа кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады

  • 1 год мурун

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон эки күндүк расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Сапардын алкагында Шарль Мишель Чолпон-Ата шаарында өткөн «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитине катышты. Анын жыйынтыгында биргелешкен пресс-коммюнике кабыл алынды.

3-июнда Шарль Мишель менен Кыргызстандын президент Садыр Жапаров тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты, глобалдык күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык кызматташтык боюнча пикир алмашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Андан соң Шарль Мишель үчүн президент Жапаровдун атынан этномаданий туризмдин элементтери жана көчмөн цивилизациясынын салттары чагылдырылган маданий программа уюштурулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты