Европа Биримдиги Болот Темировдун иши боюнча билдирүү таратты

  • 2 года мурун

Европа Биримдиги иликтөөчү журналист Болот Темировдун акталышы боюнча билдирүү таратты. Анда Евробиримдик соттун Темировду айыптоолордун көпчүлүгү боюнча актаган чечимин кубаттары айтылат.

«Биз Кыргызстандын өкмөтүн адам укуктары жаатындагы улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык, тиешелүү даттануу процессинде акыйкат соттук териштирүүнү камсыз кылууга чакырабыз. Евробиримдик кесибин аркалаган бардык журналисттердин сөз эркиндигин жана жеке коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт», — деп жазылат билдирүүдө.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актады. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечими чыкты. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгиледи. Ал эми документ жасалмалоо деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирди. Темиров буга аппеляциялык арыз жазыларын айтууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты