Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүү үчүн кошумча 3 миллион евро бөлдү

  • 2 года мурун

Бүгүн,16-декабрда Европа Биримдиги республиканын санариптик трансформациясын колдоо үчүн Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 3 миллион евро которду. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, грант жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөктөшүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Sanarip-Aimak/Digital Aimak системасын жайылтуу, өлкөнүн киберкоопсуздугун жакшыртуу, Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга багытталат.

Ошондой эле бул транштан түшкөн каражаттар программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат.

Мындан тышкары, бюджеттик жардам электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту илгерилетүү боюнча Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик бийлик органдарын окутуу программалары менен коштолот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты