Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

  • 1 год мурун

14-июлда Президент Садыр Жапаров «2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 14-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам 2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Макулдашуу экспорттук кредиттерди (экспортту колдоонун бардык финансылык инструменттерин кошкондо) кайра камсыздандыруу, экспортко багытталган каржылоо жана мүчө мамлекеттердеги жана үчүнчү өлкөлөрдөгү ишкердик жана (же) саясий тобокелдиктерден инвестицияларды ишке ашыруу жолу менен үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты