Евразия экономикалык комиссиясынын 10 жылдыгына карата почта маркаларын жокко чыгаруу аземи болуп өттү

  • 2 года мурун

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата  ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда почта маркаларын негиздөө расмий аземи болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанатка Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусиянын өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин катышты. 

Маалымат үчүн:

Почта маркаларынын алгачкы чыгарылышы 2015-жылы болуп, 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюуга арналган.

Экинчи чыгарылыш 2019-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына арналган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты