Эвакуацияланган жана Бишкекте жүргөн Баткендин тургундары борбордогу мейманканаларга убактылуу жайгаша алышат

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыш болгон жерден эвакуацияланган жана Бишкек шаарында жүргөн Баткен облусунун тургундары борбордогу бир нече мейманканаларга убактылуу жайгаша алышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билидиришти.

— «Достук» мейманканасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 429 «б» дарегинде жайгашкан, 10 жаранды кабыл алууга даяр. Кошумча орундар даярдалууда (байланыш телефону: 0500 61 18 06, Рустам).

— «Семетей» мейманканасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 125, 20га чейин жаранды кабыл алууга даяр (байланыш телефону: 0555 65 22 22, Чыңгыз).

— «Ата-Түрк Ала-Тоо» мейманканасы, Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 2а/2, 15ке чейин жаранды кабыл алууга даяр (байланыш телефону: 0507 77 77 24, Өмүрбек).

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты