Этникалык кыргыздардын Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алуусу үчүн 75 квота бөлүндү

  • 3 месяца мурун

Этникалык кыргыздардын Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алуусу үчүн 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сынакка этникалык кыргыздар — Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркиянын жана Пакистандын жарандары катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2024-жылдын 27-июну саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

  1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (паспорт жок болгон учурда) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине котормосу менен.
  2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен.
  3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.
  4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо).
  5. Медициналык күбөлүк 086-у.
  6. ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалымкат.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты