Этникалык кыргыздарды жогорку окуу жайларга кабыл алуу 2-сентябрга чейин узартылды

  • 2 года мурун

Этникалык кыргыздарды жогорку окуу жайларга кабыл алуу 2-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун  “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө”  жарлыгына ылайык, 2022-2023-окуу жылына Кыргызстандын ЖОЖдорунда чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн.

Сынакка Казакстан,  Кытай , Өзбекстан, Тажикстан  жана Түркиядагы этникалык кыргыздар катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды кыргызстандын ЖОЖдоруна 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты