«Эсиңиз барда этегиңизди жыйыңыз». ЖКда депутаттар менен Эдил Байсалов кайым айтышты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен айрым депутаттар кайым айтыша кетти.

Эл өкүлдөрү Байсаловдун «суроого түз жооп берүүдөн качып, башка маселелер боюнча сүйлөп жатканын» сынга алышты.

Депутат Айбек Осмонов президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, Эдил Байсаловду тартипке чакырууну сунуштады.

«Эдил Байсалов боюнча президенттин өкүлүнө кайрылам, сөз бериле электе сүйлөп коюп жатат, комментарий берип жатат. Бир аз тартипке чакырып койсоңор, бул туура эмес. Бул жерге келгенде өзүнүн сөзүн сүйлөсүн. Ашыкча сөзү болсо кабинетине барып же телевидение чакырып сүйлөй берсин», — деди Осмонов.

Депутат Улан Бакасов Байсаловду мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоого чакырды.

Эдил Байсалов парламенттин жыйыны эки бийлик бутагынын сүйлөшө турчу аянтчасы экенин белгилеп, депутаттар да өкмөткө мамилесин оңдошу керектигин эскертти.

«Кечирим сурайм, балким эмоцияга алдырдым. Бирок Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катары кайрылам, биз бул жакка суракка келген туткун эмеспиз, силер дагы гестапонун офицери эмессиңер. Баарыбыз жогорку трибунага, Жогорку Кеңешке келдик. Элибизди сыйлап бири-бирибиз менен сылык сүйлөшөлү», — деди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты