Эсептөө палатасынын инспектору акча талап кылганга шектелип кармалды

  • 4 месяца мурун

Мектеп жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылганга шектелип, Эсептөө палатасынын дагы бир мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук билим берүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүүдө Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Ж.К, актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 28 билим берүү мекемесинин (27 мектеп жана 1 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө кезектеги аудит жүргүзүү аркылуу, опузалап 5400 доллар алган. Өз кезегинде башкармалыктын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында окуучулардын санына жараша билим берүү мекемелеринен 18 миң сомдон 27 миң сомго чейин акча каражатын чогултушкан», — деп жазылат маалыматта.

УКМКнын маалыматына ылайык, Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасоого шектүү катары Эсептөө палатасынын инспектору Ж.К. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты