Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери пара алууга шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эсертөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери В.Ш. тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок айыл аймагы мурдагы башчысы А.Мдан ушул ЖӨБ органынын финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.

Маалыматка ылайык, 19-майда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен көрсөтүлгөн В.Ш. кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты