Эрулан Кокулов: «Депутаттардын көбү акча же тааныштары болбосо ЖКга келе алмак эмес»
- 5 дней мурун
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов “парламенттеги депутаттардын көбү акча же тааныштары болбосо Жогорку Кеңешке келе алмак эмес” — деп билдирди. Бул тууралуу, ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
«Ушул жерде жарымыңар акчаңар жок болсо, жарымыңар таанышыңар жок болсо отурмак эмессиңер. Ашып кетсе он чакты депутат калмак», — деди Көкүлов.
Ал парламентке карата мамиле туура эмес болуп жатканын жана бул маселени депутаттын статусу тууралуу мыйзам аркылуу жөнгө салуу керектигин кошумчалады.
Муну бөлүшүү




