Эртең жогорку окуу жайларга кабыл алуунун бешинчи туру аяктайт

  • 2 года мурун

17-августта 2022-2023-окуу жылына жогорку окуу жайларга кабыл алуунун бешинчи туру аяктайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүп, тизмеден жогорку окуу жайды тандап, өтүнмө берүү зарыл.

Андан кийин бюджеттик жана келишимдик негизде окууга орундардын саны, жылдык окуу акысынын өлчөмү, ЖРТнын жыйынтыгы же предметтик тесттердин зарылдыгы жөнүндө маалымат алууга болот. Аймактардагы абитуриенттер сынакка университет жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу катыша алат.

Белгилей кетсек, абитуриенттер бешинчи турга өтүнмөнү 17-август саат 14:00гө чейин тапшыра алышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты