Эртең Жогорку Кеңеште энергетикалык тармактагы кырдаал боюнча министрликтин маалыматы угулат

  • 2 года мурун

Эртең, 19-январда Жогорку Кеңеште энергетикалык тармактагы кырдаал боюнча министрликтин маалыматы угулат.

Депутат Бактыбек Сыдыков Майлуу-Суу шаарындагы бүгүнкү кырдаал боюнча тиешелүү жыйынтык чыгаруу керектигин айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, 30 миңдей калкы бар Майлуу-Суу шаарынын эли 6 күндөн бери суусуз, жылуулуксуз оор абалда отурат. Андыктан мэриянын ишмердиги боюнча жыйынтык чыгарыш керек деп белгиледи депутат. “Мен кечээ облус жетекчилер менен байланыштым, муниципалдык кызмат башка маалыматты, эл башка маалыматты айтып жатат. Ушул маселе боюнча жыйынтык чыгарбасак болбойт. Саркынды суу куурлары тоңуп жарылып, жыт чыгып, эл жашоого мүмкүн болбой. Суусу жок, жылуулугу жок элдер митингге чыгып жатат. Алмаз Ахунжанович, минкаб төрагасы Жалал-Абадда иш сапары менен жүрөт, муниципалитеттин маалыматын уга бербей, ал киши барып эл менен жолугушсун. Эл чындыкты айтат, ошого жараша жыйынтык чыгарыш керек”, — деди Бактыбек Сыдыков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча анын дарегине да кайрылуу келип түшкөнүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди. “Министрлер кабинетинин төрагасы Майлуу-Сууга барам деген, барып эл менен жолугат. Жогорку Кеңештин төрагасы катары мен да бир топ шайлоочулардын талаптарын ага жеткирдим”, -деди төрага Нурланбек Шакиев. Ал 19-январдагы парламенттин жыйынына энергетика министрлиги баш болгон тиешелүү жетекчилерди чакырып, айтылган көйгөйлөр боюнча жооп берүүсүн тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты