Эртең тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн
- 2 года мурун
Эртең, 25-июнда тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эртең өлкө боюнча күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.
Муну бөлүшүү