Эртең президенттик администрацияда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе талкууланат. Жыйын жабык өтөт
- 2 года мурун
Эртең, 20-октябрда президенттик администрациянын имаратында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе талкууланат. Буга бир катар жарандык активисттер чакырылган.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан жыйын жабык болорун айтышты. Жыйынга журналисттер киргизилбейт.
Иш-чарага чакырылган Рита Карасартова жыйынга телефонсуз кире турганы боюнча Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Муну бөлүшүү