Эртең өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн

  • 11 месяцев мурун

Эртең, 27-августта өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-августта күндүз жана 28-29-августта өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

27-августта күндүз жана 28-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 28-29-августта абанын температурасы төмөндөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты