Эртең Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталат
- 2 года мурун
Эртең, 20-майда Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-майда тест борборлорун даярдоо жана каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүрүүдө.
Тест төмөндөгү график менен өтөт:
I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда — жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).
2023-жылдын 3-мартынан 7-апрелине чейин жүргүзүлгөн каттоого жалпы 47 миң 383 абитуриент катталган. Андан кыргыз тилинде тапшыра тургандар – 28 миң 120, орус тилин тандагандар – 19 миң 263.