Эртең Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтөт

  • 10 месяцев мурун

Эртең, 10-июнда өлкөнүн бардык аймактарында жалпы республикалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымдашты.

Маалыматта ишембилик социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында өтөрү жазылган.

Ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат.

Президенттик администрациядан бардык жарандарды айлана-тегеректеги аймактарды тазалоого, үй жанындагы участокторду көрктөндүрүүгө, айланабызга ыңгайлуу шарт түзүүгө активдүү катышууга чакырышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты